Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:27

Күрөш(U-23): Токтомамбетов жана Нуртаева Азия чемпионатында алтын байге үчүн күрөшөт


Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты. "Бишкек-Арена" музмайданы.
Күрөш боюнча 17 жана 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионаты. "Бишкек-Арена" музмайданы.

Кыргызстандык балбандар Орозобек Токтомамбетов жана Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын байге үчүн бүгүн 25-июнда күрөшөт.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Орозобек Токтомамбетов эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта жарым финалда түркмөнстандык Арслан Аманмурадовду утуп финалга чыкты.

Жарым финалга чейин Токтомамбетов үч атаандашын жеңип алган. Айлампа тартибинде өткөн таймаштарда индиялык Каран Каранды, өзбекстандык Бегижон Кулдашевди, тажикстандык Мустафо Ахмедовду уткан. Алдыда финалда казакстандык Досжан Ассетов менен беттешет. Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Финалдык бөлүктө 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу айлампа тартибиндеги таймаштардын акыркысын өткөрөт. Ал буга чейин монголиялык Дулуу Ерденебилегди утуп (12:6), индиялык Аман Аманга жеңилген (1:3). Алдыда казакстандык Мухамед Балгабай менен күрөшөт. Бул таймашта жеңишке жетсе күмүш байге алышы мүмкүн.

97 килограмм салмакта күрөшкөн Каныбек Абдулхаировдун коло байге алууга мүмкүнчүлүгү бар. 5-айлампада ал казакстандык Мухаммадрасул Рахимов менен күрөшөт.

Бул күнү кыз-келиндер күрөшүнөн да беш салмакта таймаштар өтүп жатат.

72 килограмм салмакта Нурзат Нуртаева алтын байге үчүн күрөшөт. Айлампа тартибинде бул салмакта үч балбан таймашып жатат. Нуртаева алгач казакстандык Александра Зайцеваны уткан. Алдыда индиялык Реетика Реетика менен беттешет.

57 килограмм салмакта Калмира Билимбек кызы индиялык алгачкы атаандашы Пушпа Пушпага утулду (0:3). Акыркы айлампада жеңишке жетсе күмүш байге алууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок колунан жаракат алгандыгына байланыштуу таймаштарын уланта албай жеңишти казакстандык Лаура Алмагамбетовага ыйгарды. Эми Билимбекова коло байге алат. 62 килограмм салмакта Бермет Нуридин кызынын кандай байге алары 3-айлампанын жыйынтыгында белгилүү болот.

65 килограмм салмакта Дилназ Сазанова 3-айлампада казакстандык Меруерт Иманбекова менен күрөшөт. Ал буга чейин индиялык Радика Радикага утулуп, экинчи айлампада Динора Рустамованы уткан. 3-айлампадагы беттештердин жыйынтыгына жараша байге алган балбандардын тизмеси такталат.

Азырынча бул Азия чемпионатында Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасында эки алтын жана үч коло байге бар. 24-июнда Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын медал, Сезим Жуманазарова (59 кг) менен Арууке Кадырбек кызы (55 кг) коло медалга ээ болушкан. 25-июнда 57 килограмм салмакта Калмира Билимбекова коло байге алды.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштар кечээ 24-июнда жыйынтыкталган. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан үч алтын, алты күмүш байге алып, командалык эсепте 1-орунду алган.

17 жана 23 жашка чейинки курактагылар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 26-июнда аяктайт. Акыркы мелдеш күнү эркин күрөштөн жети салмакта байгелер ойнотулат. Мелдешке 11 өлкөдөн 600гө жакын спортчу келди. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG