Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

Зер буюмдарды саткан соодагерлер ККМге каршы акцияга чыгышты


Бишкектеги митинг. 24-июнь 2022
Бишкектеги митинг. 24-июнь 2022

Бүгүн, 24-июнда көзөмөл-кассалык аппараттынын (ККМ) киргизилишине каршы болгон, зер буюмдарын саткан жүздөй соодагер Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакка акцияга чыкты. Алар бийликтен патент системасын калтырууну талап кылууда.

"Алтын деген бул күнүмдүк сатылып алынган азык-түлүк эмес. Зер буюмдарды бир күнү сатабыз, кийинки күн такыр эле отуруп, соода кылбай кеткен убактар болот. Ошондуктан ага ККМ киргизе калабыз деген туура эмес", - деди соодагерлердин бири Алтынай Токоева.

Өткөн аптада Бишкекте ККМдин киргизилишине нааразы соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына чогулган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул аппаратты киргизүү убактылуу токтотулуп турарын, митингге чыккандардын өкүлдөрү менен бирге маселени чечүүнүн жолун караштырып чыгарын айткан. ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын белгилеген.

Жаңы Салык кодексине ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумушту аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикет өткөрүп келет. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтууда. (КЕ/KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG