Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары Бишкекке келди


Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган делегация. 23-июнь, 2022
Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган делегация. 23-июнь, 2022

Бүгүн, 23-июнда Бишкекке Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган парламенттик делегация келди.

Вице-спикер Улан Примов ушул эле күнү Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган делегацияны тосуп алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, келген депутаттык топтор Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышат.

ТүркПАнын кеңешинин отуруму жана 11-пленардык жыйын 24-июнда Ысык-Көлдө башталат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттик делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы - Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын жана Түркиянын парламенттеринин кызматташтык уюму. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG