Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:14

Болгариянын парламенти өкмөттү таратуу аракетин баштады


Болгариянын азыркы премьер-министри Кирилл Петков парламенттин алдындагы өкмөттү колдоп келгендер менен жолугушуу учуру.
Болгариянын азыркы премьер-министри Кирилл Петков парламенттин алдындагы өкмөттү колдоп келгендер менен жолугушуу учуру.

Болгариянын парламентиндеги экс-премьер-министр Бойко Борисов жетектеген ГЕРБ оппозициялык партиясы Кирилл Петков баштаган Министрлер кабинетине ишенбестик көрсөтүүнү сунуштады.

Бул боюнча добуш берүү 22-июнь кечке чейин жыйынтыкталат деп күтүлүүдө. Башкаруучу коалицияда 240 депутаттын 109у гана бар. Бүтүм чыгаруу үчүн кеминде 121 добуш талап кылынат.

2021-жылы Болгарияда үч жолу парламенттик шайлоо өткөн. Былтыр апрелдеги жана июлдагы шайлоолордо бир дагы партия көпчүлүк орунду ала албай, соңунда өкмөт курай албай калышкан. Ноябрда кайрадан шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында "Өзгөртүүлөрдү улантабыз" деп аталган партия үч партияны бириктирип башкаруучу коалиция түзгөн. Аталган партиянын лидери Кирилл Петков премьерликке бекиген.

Эгер коалициялык өкмөткө ишенбестик көрсөтүлсө, анда Болгарияда кайрадан парламенттик шайлоо өтүшү керек болот.

42 жаштагы, Гарвард университетинен билим алган Кирилл Петков кызматка киришкен учурда коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзөрүн айткан. Ал Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы катаал позицияда болуп келди. Петков февралда Москванын украин жергесине кол салуусун “согуш” деп атагысы келбеген министрин иштен кетирип, Евробиримдиктин Москва каршы санкцияларын колдогон. Адатта ал кызматка келгенге чейин расмий София Москва менен жакшы ымалада болчу.

Болгариялык оппозиция Кирилл Петковду коңшу Түндүк Македониянын Евробиримдикке (ЕБ) кирүүсүнө макулдук берип жатканы үчүн айыптоодо. Болгариянын буга чейинки бийлиги Түндүк Македонияны аталган уюмга кошулушуна каршы болуп келген.

Македония 2019-жылы Грекия менен талашын чечкен соң өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкон. Ошондон кийин ал ЕБге жана НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. 2020-жылы тарых жана тил маселелери боюнча талашка байланыштуу Түндүк Македонияны Евробиримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу Болгария бөгөт койгон. Талаптарынын ичинде Болгария Түндүк Македониядагы болгар азчылыгын этникалык албандар сыяктуу Конституция аркылуу таануу маселесин да коюп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG