Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Бала бакчадагы наристени какыс-кукус кылган окуяны милиция териштирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде аял киши 3-4 жаштардагы наристени чаап жиберген окуяны милиция териштирүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Биринчи май райондук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарга бала бакчалардын биринде аял наристени чапканы тартылган видео тараган. Анда тасмадагы эки аялдын бири ыйлап жаткан баланы "сарайга камап саларын" айтып коркутат. Кийин катуу ыйлай баштаган наристени чаап жиберген.


Милиция баланы чапкан аял анын апасы экенин, ал бала бакчада ашпозчу болуп иштей турганын билдирди. Маалыматта ал "баласын тарбиялоо максатында какыс-кукус кылганы" жазылган.

Бала бакчанын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүн болгон жок. "Клооп" басылмасы баласына кол көтөргөн аял жумуштан алынганын жазды.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгына айланат.

Кыргызстанда 2021-жылы бала бакчага барчу курактагы 400 миңдей бала бар экени айтылган. Өлкөдө 600гө жакын бала бакча жетишпейт. Жети жашка чейинки балдардын 70 пайызы бала бакчаларга тартылган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG