Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Токаев Казакстан Донбасстагы жикчилдерди “республика” катары тааныбай турганын билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы форумда. 17-июнь, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы форумда. 17-июнь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургдагы Эл аралык экономикалык форумга катышып, бир катар темаларда пикирлери менен бөлүштү. Форумдун 17-июнь күнкү отурумунда ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир пленардык жыйынга чыкты.

Бул күнкү жыйынды алып барган RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян Токаевге “Орусиянын Украинадагы атайын операциясы тууралуу оюңуз кандай?" деген тариздеги суроо узатты. Токаев Путиндин көзүнчө расмий Нур-Султан Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын тааныбай турганын айтты.

“Азыркы эл аралык укук Бириккен Улуттар Уюмунун уставына негизделет. Бирок анда камтылган эки принцип бири-бирине карама-каршы келип калган учурлар катталып калат. Бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгү жана улуттардын өзүн-өзү аныктоо укугу. БУУну негиздөөчүлөр кезинде муну эске албай калган өндөнөт, балким, ал экөө бири-бири менен компромисс табышы керек деп киргизишкен сыяктуу. Мына ошондуктан бизде түрдүүчө түшүнүктөр, ар кандай чечмелөөлөр пайда болот. Бирок эгер улуттардын баары өзүн-өзү аныктоо укугун толук пайдаланса, анда дүйнөдө азыркы 193 мамлекет эмес, 500-600 мамлекет пайда болуп калмак. Албетте, бул баш аламандыкты жаратат. Ушундай эле себеп менен биз Тайванды, Косовону, Түштүк Осетияны, Абхазияны тааныбай келебиз. Луганск менен Донецкидеги, биздин көз карашыбызда алганда “квазимамлекеттерге” да ушундай эле принцип менен карайбыз”, - деди Касым-Жомарт Токаев.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. Алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG