Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:00

"Бүтүн Кыргызстандын" жикчилдерге жардамы эгемендикке доо кетиреби?


Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардам алып бараткандар.
Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардам алып бараткандар.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын "Бирдиктүү Россия" партиясы менен Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардам жибергени өлкөнүн эгемен саясатына доо кетирген аракет катары сындалды.

Орусиялык медиада "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын активисттери Москванын Украинадагы атайын операциясын колдоп, Донбасска жардам көрсөткөнү тууралуу кабар чыккан. Саясий чөйрө Жогорку Кеңешке кирген бул партиянын кадамы Кыргызстандын калыс макамына шек келтирип, эл аралык аброюна көлөкө түшүргөнүн талкуулап жатат. УКМК партиянын бул кадамы кыргыз элинин жана расмий Бишкектин саясий позициясына каршы келет деген билдирүү таратты.

Гуманитардык акция: максаты жана мааниси

17-июнда YouTube порталына "Бүтүн Кыргызстан" жана "Бирдиктүү Россия" саясий партияларынын демилгеси менен Москвада чогултулган гуманитардык жардам Донбасс аймагына жөнөтүлүп жаткан тасма жарыяланды. Видеодо эки партиянын желеги астында согуш жүрүп жаткан Украинанын жикчил аймагы - Донбасска гуманитардык жардамды жүктөө учурун көрүүгө болот.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын өкүлү Эмилбек Жайчиев Орусиядагы мекендештерден чогулган акчага 300 тоннадай азык-түлүк алынганын, кайрымдуулук акциясы дагы улантыларын билдирген.

Донецк жана Луганск "элдик республикалары" деген жикчилдердин желектери илинип турган кампадан таңгактарды ташыган ыктыярчылар гуманитардык жардам чогултууга абдан ынтызар экенин айтышкан.

Бул гуманитардык акцияга Орусиянын "Бирдиктүү Россия" партиясынын басма сөз кызматы маалыматтык колдоо көрсөткөн. Иш-чарага бийликчил партиянын Мамлекеттик Думадагы депутаты Петр Толстой да катышкан.

Орусиянын башкаруучу партиясы менен Кыргызстандын оппозициялык партиясынын мындай өнөктөштүгү кызуу талкууга түштү.

Фейсбукта жарандык активист Жетиген Асанбек оппозиция мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкты туу тутарын белгилеп, "Бүтүн Кыргызстандын" бул кадамын "Кремлге жагалданып, бийликке жетүүнү гана көздөгөн саясий чайкоочулук" деп сыпаттады:

"Бул иш-чара "Бирдиктүү Россия" партиясы менен биргелешип жасалгандыктан мында Москванын геосаясий кызыкчылыгы көбүрөөк экени көрүнүп турат. Анан эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясы күчтүү бир державанын эсебинен саясий упай топтоо үчүн ушинтип жатканы саясий тайкылык. Бул деген аталган партия өз мамлекетинин аброюна жана эгемендигине аябай чоң доо кетиргенге барабар нерсе. Украинага ким кол салганы жана чыныгы жабырлануучу тарап ким экенин коомчулук билет. Анан ушуну жасаган Орусияны актап, бүтүн өлкөнүн бир бөлүгүн бөлүп-жарган жикчилдерди жабырлануучу тарап катары көрсөтүүнүн өзүн "гуманитардык жардам" деп атоого мүмкүн эмес. Бул жерде саясий кызыкчылыктар гана бар".

25-майда russkie.org сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыяланган. Анда Кыргызстандын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Орусиянын Украинадагы "атайын аскердик операциясын" колдоп, Донбасстын жашоочуларына гуманитардык жардам чогултканы жазылган. Партиянын активисти Динара Чолпонова "карапайым эл Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын өз үйү" деген пикирин айткан.

Бул боюнча партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго чалып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Башка бир саясатчы Бектур Асанов оппозициялык партия бийликке жетүү үчүн Кремлге жагалданып, "эгемендикти садага чабууга акысы жок" деп айыптады:

Бектур Асанов
Бектур Асанов

"Бул партиянын өкүлдөрүнүн орусиялык медиага берген маектерин көрүп, окуп отуруп, алар үчүн кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы түккө турбай турганын байкадым. Муну менен биз "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мындай кадамы биздин өлкөнүн эгемендигине шек келтирип жатат деп айтууга толук негиз бар. Ошондуктан бул нерсе мамлекет саясий партиялардын өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу жүргүзгөн саясатын кайрадан карап чыгууга убакыт келгенин көрсөтүп турат. Себеби дал ошондой партиялар биздин мамлекеттин эгемендигине же мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетириши мүмкүн. Украина маселеси боюнча мамлекеттин тышкы саясий багыты - калыс макамда турган соң, кайсы гана саясий партия болбосун ошол расмий позицияны тутунушу керек болчу" - деди саясатчы. "Эгерде чынында эле бул партия гумандуулук принциби менен Донбасста орусиялык күчтө ээлеп алган аймактагы карапайым элге жардам бергиси келсе, анда Украианын аркы жагында кыйрап-талкаланып жаткан тараптагы жашоочуларга дагы гуманитардык жардам жөнөтсүн".

Парламенттеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев Донбасстагы жикчил аймакка гуманитардык жардам жиберүүдө дипломатиялык же болбосо укуктук актылар бузулбаганын айтып, партиянын дарегине айтылган сынды "курулай саясатташтыруу" деп баалады.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Оппозициялык партия 1-2 машине гуманитардык жардамды Донбасстын жашоочуларына жөнөтсө эле ал нерсе Кыргызстандын эгемендигине шек келтиргендикке жатпайт. Антип саясатташтырып, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок. Же алар эмне "Биз Орусиянын агрессиясын колдойбуз" деп жазып алышыптырбы? Андай сөз жок. Нейтралитет деген мамлекеттин калыс көз карашы. Ошондуктан биз "бул эки өлкө урушту токтотуп, тынчтыкка келсе жакшы болот эле" деп айтып келе жатабыз. Чынын айтканда, бизге окшогон мамлекеттер бир тараптуу боло албайт. Гуманитардык жардам - бул курал эмес, ок эмес, замбирек эмес. Болгону тамак-аш. Ал дагы ал жакта согушуп жаткан аскерлерге эмес, карапайым жашоочуларга", - деди оппозициялык фракциянын депутаты.

Ал "сындагандар гуманитардык жардам топтоп, Киев жагына жибере берсин" - деген кеңешин да берди.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жаштар канатынын лидери Орозайым Нарматова Москвада "Бирдиктүү Россия" менен бирге уюштурулган гуманитардык акция кремлчил партия менен "саясий тилектештикти билдирбейт" деген пикирин айтты.

"Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз элибиздин боорукер экенин көргөзүүнү көздөдүк. Геосаясат аябай аяр мамилени талап кылат. Ал эми "Русский мир" деген сайтка чыккан материал бурмаланып жазылган. Биздин партиянын мүчөлөрү андай мүнөздө маек курган эмес. Биз ал басылмадан тез арада аталган макаланы алып салууну талап кылдык" - деди партиянын активисти.

УКМК орусиялык медиага чыккан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрүнүн билдирүүлөрү Кыргызстандын бийлигинин расмий позициясына жана ага ылайык Кыргызстандын элинин көз карашына каршы келерин билдире турганын жарыялады.

Атайын кызмат саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирчү чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG