Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

 "Дордой Food" базарынан 4,8 миң бөтөлкөгө куюлган жасалма ичимдик табылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бишкектеги "Дордой Food" базарынан күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукциялар сакталган кампа аныкталганын 17-июнда Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Жасалма ичимдиктер сакталып турган кампадан "АЮ" жана "Бишкек Алко пром" жоопкерчилиги чектелген коомдору чыгарган 4 миң 800 бөтөлкө ичимдик алынды.

Мекеме жасалма ичимдикти сатууга аракет кылган ишкерге мыйзамга ылайык чара көрүлөрүн билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрында өткөн жыйынында алкоголдук ичимдиктер базарында өндүрүштүн төрт эсеге кыскарганы кабарланган. Президент Садыр Жапаров бул тармакта көмүскө ишкердик кылуу жайылып бара жатканын, алкоголдук продукцияны "көмүскө" жүгүртүүнүн үлүшү 40 пайыздан 80 пайызга чейин жетерин белгилеген.

Акциздик салыктын төлөнбөй жатышынан бюджетке дээрлик 2,5 миллиард сом түшпөй жатканы айтылган. 2019-жылы 139 миң бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция тартып алынган болсо, 2020-жылы бир миллиондон ашык бөтөлкө алынганы маалым болгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG