Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Мугалимдин эмгек өргүүсү боюнча токтом чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мугалимдердин эмгек өргүүсү кыскартылганы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбей турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июнда билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү узартылган эмгек өргүүсүнүн мөөнөтү жөнүндө токтомго кол койду.

Бул токтомго ылайык, менчик формасына карабастан бардык билим берүү мекемелеринин мугалимдерине жана окутуучуларына жыл сайын 56 күндүк эс алуу берилет.

Министрлик окуу жылынын мөөнөтү боюнча ата-энелерден жана окуу жайларынан түшүп жаткан сунуш-кайрылууларды изилдеп чыгып, кайрадан мурдагыдай 1-сентябрдан баштап иштөө тууралуу токтом да даярдалып жатканын 16-июнда билдирген. Кыргызстанда 2021-жылы жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда баштоо жана июндун ортосунда жыйынтыктоо тууралуу чечимин өкмөт кадимки окуу тартибине коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалдан кийин бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканы менен түшүндүргөн жана мунун мугалимдердин айлыгына, окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирген. Окуу жылы 8-июнда аяктаган. Ага чейин дайыма 1-сентябрда башталган окуу 25-майда аяктап келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG