Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Чынара Жакыпова УКМКдан оозеки чакыруу алганын билдирди


Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова ​Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) оозеки чакыруу алганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Мага эки жигит келип, эртең (17-июнь) саат 15те кылмыш иши боюнча УКМКда барышымды эскертишти. Бирок кайсыл кылмыш иши экенин айтышкан жок. Документтерин да жөндүү көрсөтүшпөдү. Эртең чакыруу кагазы болорун айтышты”,-деп жазды Жакыпова.

Атайын кызмат азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова "Сорос Кыргызстан" фондунун алгачкы жетекчиси болгон.

2-июнда "Сорос Кыргызстан" фондунун учурдагы директору Шамил Ибрагимов да Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнө чакыртылган.

Ибрагимов атайын кызматтын тергөөчүсү менен маалыматтык жолугушуу болгонун айткан.

"Биздин фонд жайгашкан имарат боюнча маалыматтык жолугушуу болду. Кошумча маалыматтарды билгилери келиптир. Мен бардык маалыматты айттым. Башка маселе жок деп ойлоп турам. Имарат кантип алынган деген сыяктуу суроолор берилди. 24 жылдан бери бир дагы мындай маселе көтөрүлгөн эмес. Эмнеге азыр суроо болуп жатат, түшүнүксүз".

УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат берген эмес.

"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар - коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.
1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG