Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Орусиядан качкан блогер орус-грузин чек арасынан чыгалбай калды


Инса Ландер
Инса Ландер

Орусиянын субъектиси – Кабардино-Балкария Республикасынан качкан блогер Инса Ландер бир нече күндөн бери орус-грузин чек арасындагы нейтралдуу аймакта камалып калды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" долбоору "Кавказ.Реалии" кабарлады.

Маалыматка ылайык, блогер Кабардино-Балкариядагы жогорку аткаминер башкарган кайрымдуулук фондунун коррупциялык иштерге байланышын иликтеп чыккан. Мындан кийин анын өзүнө "террордук уюмдарга үгүт жасаган" деп айып тагылып, кармалган. Сот былтыр жыл аягында блогерди үй камагына кесип, быйыл аны кайра узарткан.

Инса Ландер үй камагынан качып чыгып, 12-июнда орус-грузин чек арасындагы Верхний Ларс өткөрмө бекети аркылуу Грузияга өтүүгө аракет кылган. Грузин чек арачылары аны дээрлик беш күндөн бери өлкөгө киргизбей жатышат.

Грузиядагы Free Russia Foundation уюмунун жетекчиси Егор Куроптев, Ландер нейтралдуу аймакта түнөп, чек арадан өткөндөрдөн тамак-аш сурап, күн кечирип жатканын маалымдады. Блогерге Грузиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн жана аталган уюмдун кызматкерлерин да жолуктурбай жатышат.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги үн ката элек. Чек арачылар блогер эмне себептен Грузияга киргизилбей жатканын түшүндүрбөй жатат.

Инса Ландер Орусияга кайтса үй камагын бузганы үчүн абакка киргизилет жана негизги коюлган айып менен бир нече жылга соттолушу мүмкүн.

Литванын Грузиядагы элчиси Андрюс Калиндра билдирүү жасап, "эгер Грузия уруксат берсе Ландерди Вильнюска чыгарып кетүүгө даяр экенин" айтты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG