Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Доклад: согуш башталгандан бери Орусияда репрессиялар күчөдү


Москва, март 2022-жыл
Москва, март 2022-жыл

"ОВД-Инфо", "Сова" маалымат-аналитикалык борбору жана Маалымат каражаттарын коргоо борбору Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияда болуп жаткан репрессиялар тууралуу доклад даярдашты. Документ БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырыларын "Радио Свобода" булактарга таянып билдирди.

Анда айтылгандай, Москва кошуна өлкөгө басып кирген 24-февралдан бери орус бийлиги жарандардын согушка каршы маанайын басып келатат. Укук коргоочулар өзгөчө сөз эркиндиги, жарандардын эркин чогулуу укуктары чектелип жатканын белгилешет.

Март айында Административдик кодекске Орусиянын куралдуу күчтөрүн жаманатты кылуу тууралуу берене киргизилсе, Кылмыш кодексине ылайык эми армия жөнүндө калп маалымат таратуу үчүн жоопко тартуу каралууда.

Майдын этегине дейре 2 миң 100 киши "аскерлерди дискредитация кылган" деп 25 миллион рублдан ашуун айып пулга жыгылды. "Фейк таратты" деген жүйө менен 52 кылмыш иш козголду. Жаңы беренеде 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Февралдын этегинен бери "Роскомнадзор" согушка каршы чыккан үч миң чакты сайтты блоктоп салды. 213 медиа кысымга туш болуп, 181ин "Роскомнадзор" блоктоп, 21и өздөрү ишин токтотууга аргасыз болду, 11и согуш тууралуу жазбоону же жалаң Коргоо министрлигинин маалыматын колдонууну чечти.

101 журналист кесибине байланыштуу жабыркады. Урушка каршы акцияларда 16 миң киши кармалды. Айрымдарын кийим-кечесинде украин желегинин түстөрүн пайдалануу же чачтарын көк-сарыга боеп жүрүү, согушка каршы символика пайдалануу, украин элчилигинин жанына гүл коюу үчүн эле кармап кетишкен.

Мындан тышкары бийлик “чет өлкөлүк агент” деген тизмени кеңейтүүдө, - деп айтылат докладда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG