Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

УКМК: 30 гектар жерди мыйзамсыз сатууга шектүүлөр кармалды


Fact of illegal sale of agricultural land plot revealed
Fact of illegal sale of agricultural land plot revealed

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынан турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталганын билдирди.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Он-Эки-Бел айылынын мурдагы башчысы (Т.К.Э.), жер маселелери боюнча мурдагы адис (К.И.Э.), айылдык кеңештин мурдагы спикери кармалды.

Бул ишке тиешеси бар делген Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин депутаты (К.Д.Т) жана айылдык кеңештин мурдагы депутаты (М.К.А.) кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө камак жайына 30-июнга чейин камалды.

Ушул тапта турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуудан мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүлөрдүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG