Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Алматыдагы мелдеште кыргызстандык балбандар төрт алтын медалга ээ болду


Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Родион Анчугин менен беттешүүдө. 5-июнь, 2022-ж.
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта финалда казакстандык Родион Анчугин менен беттешүүдө. 5-июнь, 2022-ж.

Казакстанда өткөн күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбандар жалпы 10 медал утту. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш 2-июндан 5-июнга чейин Алматы шаарында өткөн.

Кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча таймаштардын жыйынтыгында кыргыз балбандары төрт алтын, бир күмүш жана беш коло медалга ээ болушту.

Алтын байгелерди кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг), грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов (82 кг), эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) алышты.

Күмүш байгени эркин күрөш балбаны Саякбай Усупов (79 кг) алды. Коло байгелерге эркин күрөштөн Алибек Осмонов (70 кг), грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг) жана Атабек Азизбеков (87 кг)ээ болду. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG