Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:51

Казакстан: референдумга шайлоочулардын 68,44% катышты


Караганды шаарындагы добушканалардын бири, 5-июнь 2022-жыл.
Караганды шаарындагы добушканалардын бири, 5-июнь 2022-жыл.

Казакстандын бардык аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктап, добушканалар жабылды. Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуштарды саноо башталганын, референдумдун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланарын айтты.

Учурда Казакстандын ондогон чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө добуш берүү уланып жатат.

Казакстандын бардык аймактарынын ичинен жекшембидеги референдумга Алматы шаарындагы шайлоочулар эң аз катышты. Казакстандын эң ири шаарында жалпы шайлоочулардын 33,3 пайызы гана добуш берди. Шайлоочулардын активдүүлүгү Түркстан (80,66%), Кызыл-Ордо (79,89) жана Чыгыш Казакстан облустарында (77,49%) байкалды.

Бийлик быйыл кандуу Январь окуяларынан кийин сунушталган бул өзгөртүүлөр менен Казакстан супер президенттик башкаруудан президенттик системага өтөрүн билдирип жатат. Көз карандысыз байкоочулар жана активисттер Баш мыйзамга киргизилип жаткан толуктоолорду "реформа" деп атоого болбой турганын, бийлик бул референдум аркылуу алдыдагы президенттик шайлоого гана даярданып жатканын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG