Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Алматыда “Кандуу январь курмандыктары” долбоорунун бет ачары болду


“Кандуу кантар курмандыктары” долбоорунун бет ачары, Алматы. 1-июнь, 2022-жыл.
“Кандуу кантар курмандыктары” долбоорунун бет ачары, Алматы. 1-июнь, 2022-жыл.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы кандуу Январь окуяларынын курмандыктарына арналган атайын долбоорун сунуш кылды. Журналисттер быйылкы жылдын 5-8-январь күндөрүндөгү тополоңдо окко учкан, же андан алган жараатынан көз жумган ондогон киши жөнүндө маалымат чогулткан. Бийлик каза тапкандардын расмий тизмесин чыгара элек.

“Кандуу январь курмандыктары” деп аталган долбоорго 188 кишинин ысымы киргизилип, ар бири тууралуу баяндалып, кандай жагдайда набыт болгону айтылган.

Авторлор долбоор канду окуялар канча кишинин өмүрүн алып кеткенин аныктоого жардам берет деп үмүттөнүшөт. Укук коргоочулар каза тапкандар расмий сандан көбүрөк болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

Долбоордун бет ачарына маркумдардын жакындары, күч түзүмдөрүнүн кыйноолорунан жапа чеккендер, укук коргоочулар, активисттер менен журналисттер катышты.

Иш чарага катышкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай радионун журналисттери чындыкты билүү үчүн бар аракетин жумшап келатканын белгиледи.

Кошуна өлкөдө жыл башында газдын баасын төмөндөтүү талабы менен башталган тынч митингдер кийин башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын билдирген. Президент Касым- Жомарт Токаев күч кызматкерлерине эскертүүсүз ок атуу буйргун бергенин айткан.

Бийлик укук коргоочу уюмдардын иликтөөгө эл аралык эксперттерди тартуу чакырыгын четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG