Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Парламентте үстөк пайызсыз насыяга бөлүнгөн акча элге толук берилбегени айтылды


Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында Дүйнөлүк банктан берилген каражат үстөк пайызсыз шартта калкка толугу менен берилбегенин айтып чыкты.

Анын айтымында, 500 млн. сом 11 банк аркылуу жарандарга үстөгү жок насыя катары берилмей болгон. Бирок төрт банк "эл алган жок" деген жүйө менен бул акчанын 23 пайызын Каржы министрлигине кайтарып берген.

“Эл насыя ала албай издеп жүрүшөт. Анан кантип эле үстөгү жок насыяны албай калышы керек? Кээ бир банктар жарымын үстөгү жок, бир бөлүгүн үстөк пайызы менен берип жатат деген маалыматтар бар. Улуттук банк ушул маселени териштирип, насыя алгандардын тизмеси аркылуу тактап, чара көрүшү керек”,-деди Сурабалдиева.

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев бул маселе териштириле турганын билдирди.

Кыргызстандын жер-жерлеринде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыя аз берилип жатканына нааразылыктар айтылган.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG