Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Ак-Суунун Сырт өрөөнүндөгү малчылар менен байланыш болбой жатканы кабарланды


ӨКМ тараткан сүрөт. Сырт өрөөнүнө бараткан жолдогу кар күрткүсү.
ӨКМ тараткан сүрөт. Сырт өрөөнүнө бараткан жолдогу кар күрткүсү.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы фермер Орунбек Мааданбеков Сырт өрөөнүнө жааган калың кардан жолдор жабылып, эки күндөн бери малчылар менен байланыша албай жатканын “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, Сырт өрөөнүндөгү Кайыңды аймагында 12 үй-бүлө бар.

“Кайыңдына өзүмдүн чарбам бар. Ал аймакта 12 малчы турат. Жол жабылгандан бери алар менен байланыша элекмин. 200 жылкы, 300дөй бодо мал, жети миңдей кой-эчки бар болчу. Сырт өрөөнүндө жалпы 6 аймак бар. Алардын баары менен байланыш жок. Үнүбүздү бийликке жеткирип коюшуңарды суранабыз. Сарсанаа болуп жатабыз”, - деди Мааданбеков.

Фермер жолду ачууга тартылган техника жетишсиз болуп жатканын, бийликтен маселени ыкчам чечип берүүсүн өтүнөт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сырт өрөөнүнө 55 см. чейин кар түшүп, жолдор жабылып малчылар менен убактылуу байланыш үзүлгөнүн билдирген. Министрлик ыкчам топтор 9 жүк ташуучу автоунаа менен тоют жүктөп, малчылардын абалын билүү үчүн жолго чыгып кеткенин кабарлады. Учурда Сырт өрөөнүнө жол бир тараптуу ачылганын маалымдайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG