Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Финляндия жана Швециянын Түркия менен НАТО боюнча жолугушуусунан майнап чыккан жок


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу .
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу .

Түркиянын Финляндия жана Швеция менен НАТОго кирүү боюнча 25-майдагы жолугушуусу маселенин оң жагына чечилишине жардам бере алган жок.

Reuters сүйлөшүү улана турганын, бирок алардын датасы азырынча белгисиз экенин жазды.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечип арыз берген. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин бардыгынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

Эрдоган НАТОго Финляндия менен Швецияны кабыл алууга каршы экенин 13-майда жарыялап, аларды "террордук уюмдарды көбөйтүүдө" деп айыптаган. Аталган өлкөлөр бир топ күрд тектүүлөргө башпаанек берген.

Анкара аларды терроризмге айыпталган "Күрддөрдүн жумушчу партиясы" менен байланышы бар деп эсептейт. Түрк президенти пикирин 22-майда да кайталаган. Натыйжада, Анкара эки өлкөнүн уюмга кириши боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койгон.

Хельсинки менен Стокгольм өзүнүн НАТОго киришине каршылык билдирип жаткан Анкара менен сүйлөшүү үчүн Түркияга атайын чабармандарын жөнөткөнү 24-майда айтылган.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул эки өлкөнүн террорчуларга колдоо көрсөтүүнү токтотушун күтө турганын билдирди. Түркия ушундай шартта гана алардын НАТОго киришине койгон бөгөтүн алат.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген. Учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. Түркия уюмга 1952-жылы кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG