Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Түндүк-Түштүк кошумча жолу: таш кулаган тилкенин жанына убактылуу жол салынды


Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги таш кулаган жерди айланып өткөн убактылуу жол салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Мекеме кан жолду тазалоо иштери кооптуу таштар толук түшкөндөн кийин башталарын билдирди.

Учурда жолдун кооптуу тилкелерине тосмо коюу маселелери талкууланып жатат жана жакында ал жерге адистер барышат.

Жолдун бул тилкесине 25-майда таштар кулай баштаган жана учурда анын көлөмү болжол менен 10 миң тоннадан ашты.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолуна таш кулап, жол жүрүү өтө кооптуу болуп жатканы тууралуу маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Анда Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев жол шашылыш салынгандыктан кооптуу жерлер бар экенин айткан.

Аралдан Казарманга чейинки 100 чакырымдык тилке пайдаланууга былтыр ноябрда берилген.

Кыргызстандын Фергана тоо кыркасы бөлүп турган эки аймагын байланыштыруучу бул жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG