Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Алтынбек Сулайманов пионер кыймылынын мааракеси боюнча министрликти сындады


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Билим берүү министрлигинин орто мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө боюнча тапшырма бергенин айыптап чыкты.

“Эркин жана эгемен Кыргызстанга таандык, өнүгүүгө жана өсүүгө умтулган жаңы, заманбап улуттук идеологияны түптөп, даңазалагандын ордуна эскиге таандык, улуттук баалуулуктарды четке каккан, коомду артка тарткан коммунисттик түшүнүктүн пайдубалы болгон пионердик кыймылды жандантканга аракет кылган Билим берүү министрлигинин бул демилгесин толук айыптайм”,-деп айтылат Сулаймановдун билдирүүсүндө.

24-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тапшырмасына байланыштуу түшүндүрмө берген. Анда бул уюмдун мааракесин өткөрүү сунушу менен мамлекеттик катчыга (Сүйүнбек Касмамбетовго) коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева кайрылганын, ошонун негизинде телефонограмма жөнөткөнүн билдирген.

"Тилекке каршы, министр, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм!", - деп жазды Жусупбекова.

Мунун алдында социалдык тармактарга аталган министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды өткөрүү тууралуу телефонограммасынын сүрөтү жарыяланган. Иш-чаралар “балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл” экени жазылган. Документке министрдин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.

Өткөн аптада Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылганы талаш-талкуу жараткан. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бул окуяны “өзүм билемдик” катары сыпаттап, аны атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирген. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG