Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:23

Шаардык сот "Кумтор Голд Компаниге" коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды 


Kyrgyzstan - Kumtor, mining, mountain, November 13, 2021
Kyrgyzstan - Kumtor, mining, mountain, November 13, 2021

24-майда Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган 261,7 млрд. сом айыпты жокко чыгаруу боюнча апелляциялык арызды карады.

"Кумтор Голд Компанинин" өкүлү биринчи соттук инстанциянын 2021-жылы чыгарган чечимин жокко чыгарууну жана отурумду жабык өткөрүүнү өтүндү.

Соттук коллегия отурумду ачык өткөрүп, Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

2021-жылдын май айында жарандык активисттер Наристе Калчаев, Айбек Сарыбаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов "Кумтор Голд Компанинин" үстүнөн Октябрь райондук сотуна даттанган.

Өткөн жылы 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Компания бир жылдан соң Бишкек шаардык сотко кайрылып, биринчи инстанциянын чечимине каршы даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүсүн өтүнгөн. Быйыл 19-майда шаардык сот өтүнүчтү канааттандырган.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG