Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

Украина Беларус менен чек арасында аскерлер көбөйгөнүн билдирди


Украина менен Беларустун чек арасы.
Украина менен Беларустун чек арасы.

Украина Беларус менен чек арасында аскерлерлердин саны көбөйгөнүн жана армиянын кыймыл-аракети күчөгөнүн эскертти.

Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 23-майда билдиргендей, Беларустун армиясы Гомел регионунун Украина менен чектеш аймактарына кошумча аскерлерин жөнөтүп, чалгындоо иштерин күчөттү.

"Беларустун аймагынан ракета жана аба соккулары болот деген коркунуч кала берүүдө", - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Беларустун расмий жетекчилери Украина менен чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу маалымат беер элек.

Беларус Москва 24-февралда Украинага каршы баштаган согушка расмий түрдө катышкан жок. Бирок расмий Минск өз аймагын орус күчтөрүнө Украинага кол салуу үчүн колдонууга уруксат берген. Мындан улам Беларус бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн бир катар санкцияларына да кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG