Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Орус армиясы Северодонецк шаарын курчоого алууга аракеттенүүдө


Украинанын Северодонецк шаары, 16-апрель 2022-жыл.
Украинанын Северодонецк шаары, 16-апрель 2022-жыл.

Орусиянын армиясы Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда чабуулдарын күчөттү. Украин армиясынын Башкы штабынын 23-армиясы билдиргендей, бул облустагы Северодонецк шаары тынымсыз бомбалоого кабылып жатат. Маалыматка ылайык, орус күчтөрү бул шаарды курчоого алууга аракеттенүүдө.

Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдайдын айтымында, Украинанын чыгышындагы чабуулдарга Харьков аймагынан артка чегинген, Мариупол шаарын курчоого катышкан орус аскерлери, Москва колдогон жикчил күчтөр жана Сибирден жаңы мобилизацияланган жоокерлер катышууда.

Соңку 24 сааттын ичинде украин күчтөрү орус армиясынын 11 чабуулунун мизин кайтарды. Украин армиясы Фейсбукка жазгандай, 22-майда орус күчтөрүнүн Донецк облусундагы чабуулдарынын кеминде 7 кишинин өмүрү кыйылды.

Соңку бир сутканын ичинде Украинанын экинчи ири шаары Харьков, түштүктөгү Николаев жана Запорожье шаарлары артиллериялык аткылоого жана ракета чабуулдарына кабылды.

Орусия 24-февралда Украинага кол салган. Андан бери өлкөдө миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG