Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:01

“Элдик курултай жөнүндө” мыйзам долбоору карала баштайт


Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору бүгүн 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде биринчи окууда карала баштайт. Мыйзамды президент демилгелеп, бир ай мурда коомдук талкууга чыгарган.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка караганда, бүгүнкү жыйында мыйзам долбоорунун максаты тууралуу жумуш тобунун жетекчиси, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев баяндама жасайт.

Сунушталып жаткан мыйзамда курултайдын укуктары, иштөө тартиби жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосу, ал мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча бийликке сунуш берери, президенттин кайрылуусун, спикердин, премьер-министрдин баяндамаларын угары, өлкө башчыга Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматтан алуу боюнча сунуш бере алары жана мыйзам долбоорун демилге кылуу укугуна да ээ болору белгиленген.

Документ ушул жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турганы көрсөтүлгөн.

Элдик курултай институту былтыр 5-майда иштеп баштаган Конституцияга киргизилген. Анда “Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет” деп жазылган.

Айрымдар курултай Кыргызстанда бюджеттен акча жеп, пайда бербеген кезектеги артыкбаш орган бойдон калат деген кооптонуусун айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG