Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:32

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн улуттук кеңеш түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, бул багытта тиешелүү органдардын аткарып жаткан иши талкууланды.

Жаңыдан түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин белгиледи.

“Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми бир күн ичинде алууга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан аркылуу киргендигин эске алып, чек арадагы өткөрүү пункттарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл", - деди Жапаров.

Маалыматка караганда, курамына туризм жаатында иш алып барган жеке ишкерлер кирген улуттук кеңештин жыйыны айына бир жолу уюштурулат.

Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууну көздөөдө. Туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы жолдор Транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд. сом каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд. сомго жеткирүү планын айтып берди.

17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. 2021-жылы 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG