Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

БШКнын алдамчылыкка шектелген мүчөсү сотто акталганы белгилүү болду


Акылбек Эшимов.
Акылбек Эшимов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү катары кармалган Акылбек Эшимов соттон акталганын бүгүн 13-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Эшимов боюнча иш быйыл 28-апрелде каралып, ал кылмыш кылбаганы аныкталгандан кийин актоо өкүмү чыккан.

Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 11-сентябрда билдирген. Атайын кызмат Эшимов "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи Май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

Декабрда Акылбек Эшимов БШКдан кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырганы парламентте айтылган. Январда ал жумушка чыккан жана кызматтан кетүү тууралуу арызын кайтарып алганы белгилүү болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG