Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:05

Орусия Финляндиянын НАТОго кошулуусу коркунуч жаратат деп эсептейт


Расмий Хельсинкинин НАТОго "кечиктирилбестен" кошулууну көздөгөнү тууралуу жарыясынан кийин Орусия өз коопсуздугун камсыздоо багытында чара көрөрүн эскертти. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал чаралар аскердик инфраструктура орус чек арасына канчалык жакындарына, альянстын кеңейүү процесси кандай жүрөрүнө көз каранды болорун белгиледи.

"НАТОнун кеңейиши жана альянстын биздин чек арага жакындашы дүйнөнү жана континентибизди коопсуз кылууга салым кошпойт”, - деп айтты Песков 12-майда. Москванын өкүлү Финляндиянын уюмга мүчөлүгү Орусияга коркунуч жаратарын кошумчалады.

Мунун алдында Финляндиянын президенти Саули Ниинистё жана премьер-министри Санна Марин өлкөнүн НАТОго киришин колдошкон. Биргелешкен билдирүүдө жетекчилер блокко кошулуу Финляндиянын коопсуздугун бекемдөөгө жардам бере турганын белгилешкен.

Ниинистё жана Марин атайын комитет өлкөнүн НАТОго кирүүсү тууралуу чечимин 15-майда жарыяларын билдирди. Финляндия парламенти бул демилгени колдосо, аскердик альянс менен Орусиянын чек арасы 1325 километрге кеңеймекчи.

Ниинистё 11-майда Финляндиянын НАТОго мүчө болушу Орусияга эч кандай коркунуч жаратпай турганын, Москва Хельсинкини мындай кадамга өзү түрткөнүн түшүнүүгө тийиш экенин билдирген.

"Өлкө бир дагы блокко кошулбайт деп өзү тандаган, бирок Орусиянын "Финляндия альянска кире албайт" деген билдирүүсү ойлондурбай койбойт. Украинадагы окуялар Москва кошунасына кол салуудан да кайтпай турганын даана көргөздү", - деп кошумчалады саясатчы.

Орусия Украинага согуш ачканда НАТОнун кеңейшин алдын алууну жүйөлөрдүн бири катары айтып келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия бейтарап макамын сактап келген. Муну менен бирге 1994-жылдан бери НАТО менен кызматташчу жана Ооганстандагы миссияга катышкан.

Жакынкы күндөрдө Скандинавиянын дагы бир мамлекети, салттуу түрдө бейтарап болуп келген Швеция дагы аскердик блокко кошулуу ниетин жарыялайт деп күтүлүүдө. Алар аскердик уюмга качан кабыл алынары азырынча белгисиз. Түндүк альянстын расмий өкүлдөрү Хельсинки жана Стокгольмдун арыздары 28-29-июнда Мадриддеги саммитте талкууланышы мүмкүн экенин туюндурушкан.

Андан кийин 30 мүчө мамлекеттин улуттук парламенттери маселени колго салууга тийиш. Кабыл алуу жараяны бир жылга чейин созулушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG