Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Еврокомиссия Украинанын талапкерлиги боюнча жообун эмки айда берет


Фон дер Ляйен жана Зеленский. Киев, 8-апрель, 2022-жыл
Фон дер Ляйен жана Зеленский. Киев, 8-апрель, 2022-жыл

Еврокомиссия Украинанын талапкерлиги боюнча жообун эмки айда берерин 9-майда төрайым Урсула фон дер Ляйен билдирди. Жетекчи украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнүн, Киев анкетаны толтурушу керектигин Твиттерге жазды.

«Еврокомиссия өз пикирин июнда берүүнү көздөп жатат», - деди төрайым. Кийинчерээк Страсбургда Европарламентте сүйлөгөн кезинде саясатчы "Европанын келечеги - Украинанын да келечеги" деп белгиледи.

18-апрелде Зеленский Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу арызын тапшырган. Ушу тапта документ каралууда. Оң чечилсе, өлкө адегенде талапкер деген макам алмакчы. Бирок ал үчүн блоктун бардык мүчөсү макул болууга тийиш.

Ал эми толук мүчө болуу үчүн Украина узак процедурадан өтүшү керек. Атап айтканда, демократиялык стандарттар, мыйзамдын үстөмдүгү шаркеттин нормаларына төп келтирилүүгө тийиш.

Орусия кол салгандан кийин биримдиктин аткаминерлери бул жараянды тездетүү аракети көрүлөрүн айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG