Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

"Ак-Жол" көзөмөл өткөрмө бекетинде иш калыбына келди


Иллюстрациялык сүрөт, "Ак-Жол" бекети, 2017-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт, "Ак-Жол" бекети, 2017-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматы бүгүн, 8-майда Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети кайрадан штаттык режимде иштей баштаганын кабарлады.

Бүгүн түшкү саат 14:50дө тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасы иштебей калып, чек ара өткөрмө бекетинде жүргүнчүлөр менен автоунаалардын узун кезеги келип чыккан.

Кечки саат алтыга жакын система кайрадан оңдолгон. Чек ара кызматы учурда бекетте узун кезек жок экенин кошумчалады.

"Ак-Жол" өткөрмө бекети Чүй облусунда жайгашкан. Бишкектен Алматыга каттаган жүргүнчү жана машинелердин башкы өткөрмө пункту болуп саналат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG