Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Cадыр Жапаров манасчы Дөөлөт Сыдыков боюнча пикирин айтты


Садыр Жапаров менен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жолугушуусу, архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров менен манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жолугушуусу, архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда улуттук "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу пикирин билдирди.

Ал манасчыга бийлик тарабынан эч кандай куугунтук болбогонун белгиледи.

"Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм, пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок, кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. Жүз пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай албайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетеги менен кетип калды", - деди президент Жапаров.

Жапаров манасчы Сыдыковду бир нече жолу администрацияга чакырып, "Манас айылын" курууну талкуулаганын, азыркы тапта бул жайдын абалы өтө начар экенин белгилеген.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген.

Ал 6-майдын кечинде социалдык тармактарда билдирүү таратып, анда мамлекеттик телеканалдар аны бир тараптуу каралап, "Манас айылынын" жери Манаска калсын дегеним үчүн куугунтук болуп жатат" деген.

Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын билдирип, өлкө жетекчилерине кайрылган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында да көтөрүлгөн.

Бийлик өкүлдөрү комплекс реконструкция болорун билдирип, жер басып алууга байланыштуу кепти четке каккан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG