Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Чүйдө жүк ташыган айдоочуларды опузалоого шектүүлөр кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Чүйдүн Маловодное айылындагы салмак көзөмөлдөө постунда айдоочуларды коркутууга шектүүлөр кармалды. Алар 37, 31 жана 28 жаштагы жарандар экенин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган постто айдоочуларды опузалап, жүк ташуунун баасын арзандатпоону талап кылып ургандардын видеосу 6-майда Фейсбукка чыгып, көп өтпөй өчүрүлгөн. Айрым комментарийлерде опуза кылгандар ундун наркын түшүрбөөнү талап кылганы жазылган. А дегенде окуя Жалал-Абадда болгону тууралуу кабарлар чыккан.

Бул факты Сокулук райондук милициясында катталып, шектүүлөр кармалган. Тергөө-териштирүү уланууда. Милиция кызматкерлери оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен да түшүндүрүү иштерин өткөрө баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG