Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

"Медиазона": Путиндин согуш учурундагы жарлыктарынын жарымынан көбү "жашыруун"


Владимир Путин
Владимир Путин

Украина менен согуш башталгандан бери орус президенти Владимир Путин "жашыруун", "купуя" деп классификацияланган негизде кол койгон документтердин жалпы саны акыркы 20 жылдагы рекордго жетти.

Бул тууралуу мыйзам актыларынын порталын жана документтердин сериялык номерлерин изилдеп чыккан "Медиазона" басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, март айында Путиндин бардык жарлыктарынын 54%, апрелде - 49% "жашыруун" болгон. Бул көрсөткүч 2002-жылдын декабрында 59% түзгөн. "Медиазона" бул убакта экинчи чечен согушу жүрүп, өлкө ичинде көптөгөн террордук чабуулдар болгонун эске салган.

Аталган басылма адатта "жашыруун" жарлыктардын негизинде каза болгон аскерлер орден менен сыйлана турганын жазган. "Медиазона" ар кайсы шаар жана аймактык администрациянын орусиялык аскер кызматкерлеринин Украинанын аймагында өлгөнү тууралуу билдирүүлөрүн изилдеп чыгып, мындай сыйлыктардын кеминде 600ү бар экенин билдирди.

Ар кандай маалыматтар боюнча, орус армиясынын Украинага чабуулу башталгандан бери 10 миңден 25 миңге чейин орус жоокери набыт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги 25-марттан бери каза болгондор тууралуу маалымат бере элек. Мекеме ага чейин 1351 аскери каза болгонун расмий билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG