Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Токаев элдик референдумду 5-июнга белгиледи


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү 5-июнга белгиледи. Бул тууралуу жарлыкка ал бүгүн, 5-майда кол койду.

“Конституциялык реформа жалпы мамлекеттик моделди комплекстүү түрдө трансформациялоого багытталган. Өзгөртүүлөр “суперпрезиденттик” башкаруу формасынан таасирдүү жана отчёт бере турган өкмөтү бар президенттик башкарууга толук өтүүнү бекитет”,-деди Токаев 5-майдын кечиндеги кайрылуусунда.

Буга чейин Сенат менен Мажилистин депутаттары “Референдум өткөрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, “Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин макамын бүткүл элдик добуш берүүгө чыгарылбайт” деген норма жоюлган. Президент 5-майда бул мыйзамга да кол койду.

Токаев Казакстан элинин ассамблеясындагы апрелдеги кайрылуусунда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган.

Казакстандын Баш мыйзамына 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөрдө биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин “Елбасы” макамы каралган. Конституцияны өзгөртүү боюнча азыркы жумушчу топ алгач анын “Елбасы” деген макамын алып, “көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү катары” киргизүүнү демилгелеген.

Коомчулуктун сынынан улам аталган топ биринчи президенттин макамын таптакыр алып салуу пикирине келди. 5-июнда калктын көпчүлүгү референдумда оң добуш берсе, Конституциядан Назарбаевдин ысымы да, макамы да өчүрүлөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG