Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Киевдеги соккудан "Радио Свободанын" журналисти каза болду


"Радио Свободанын" маркум журналисти Вера Гирич.
"Радио Свободанын" маркум журналисти Вера Гирич.

Киевге 28-апрелде урулган орус армиясынын соккусунан «Азаттыктын» украин кызматынын журналисти Вера Гирич набыт болду.

Калаа бийлиги билдиргендей, ракеталардын бири карапайым тургундар жашаган 25 кабаттуу үйгө тийген. Алгач алты адам жарадар болгону тууралуу маалымат түшкөн. Гиричтин сөөгүн куткаруучулар 29-апрелдин таңында урандылардын алдынан табышты.

1967-жылы туулган Вера Гирич «Радио Свободада» 2018-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин алдыңкы украин телеканалдарында эмгектенген.

«Азаттык» радиосу украин кесиптештердин кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Украинанын Журналисттер улуттук биримдигинин маалыматына караганда, согуш башталганы 20дай жергиликтүү жана чет элдик журналисттин өмүрү кыйылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 28-апрелде украин баш калаасына сокку урганын ырастап, «Артем» ракеталык комплексинин ишканаларын жок кылганын билдирди. Завод канчалык жабыркаганын украин тарап комментарийлей элек.

Сокку жасалган маалда Киевде БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да жүргөн. Ракетанын бири баш катчы жайгашкан мейманкананын жанына тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG