Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Активист Маманова журналисттин өлүмүнө байланыштуу сурак берди


Активист Роза Маманова
Активист Роза Маманова

Активист Роза Маманова журналисттин өлүмүнө байланыштуу 26-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгына күбө катары суракка кирип чыкканын билдирди.

Маманованын "Азаттык" радиосуна кабарлашынча ал журналист Арзыгүл Галымбетова каза болгондон бери тынбай суракка барып жатат.

Активист журналисттин өлүмүнө тиешеси жок экенин, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыга электигин белгиледи.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Нурпери Абдуллаева "Азаттыкка" Роза Маманова "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренесине ылайык кармалган блогер Батмакан Жолболдуеванын ишине байланыштуу суракка биринчи жолу чакыртылганын ырастады.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналган блогер Батмакан Жолболдуева 28-мартта кармалган. Анын бөгөт чарасы 21-апрелде Ош шаардык сотунда каралып, 26-майга чейин камакта калтырылган.

37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

Милиция блогерге козголгон кылмыш ишин маркумдун көзү тирүүсүндө Жолболдуева менен чырдашып, арыз жазганы менен түшүндүргөн.

Блогер Батмакан Жолболдуева Баткендеги убактылуу кармоочу жайда отурган кезде өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Ал бул кадамын камактагы кысымга байланыштырып, өзүнөн өч алгысы келген айрым аткаминерлер Арзыгүл Галымбетованын өлүмүн курал катары колдонуп жатканын айтып келет.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG