Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Балбан Арсалан Будажапов Азия чемпионатында коло байге алды


Арсалан Будажапов.
Арсалан Будажапов.

Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алды.

Бүгүн, 23-апрелде эркин күрөштөн 79 килограмм салмакта 3-орун үчүн түркмөнстандык Гурбанмурад Овезбердиев менен күрөшмөк. Түркмөн балбаны таймашка чыгуудан баш тартканы үчүн жеңиш Будажаповго ыйгарылды.

Арсалан Будажапов буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач түштүк кореялык Сео Бумгуени 11:0 эсебинде уткан. Жарым финалда индиялык Гоурав Балянга жеңилген (5:8).

29 жаштагы Арсалан Будажапов 2020-жылдагы Азия чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Арсалан Будажаповдун байгесин кошкондо ушуну менен Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Улан-Батордогу Азия чемпионатынан бир күмүш жана эки коло байге алышты. Буга чейин 57 килограмм салмакта Алмаз Сманбеков коло, 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев күмүш байге алган.

Эртең, 24-апрелде Кыргызстандан күрөштүн бул түрүнөн 61 килограмм салмакта Улукбек Жолдошбеков, 74 килограмм салмакта Ислам Орозбеков, 86 килограмм салмакта Саякбай Усупов жана 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков чыгат. Ошону менен Азия чемпионаты жыйынтыкталат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Буга чейин бул мелдеште Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло, кыз-келиндер күрөшү бобнча улуттук курама команда бир алтын, бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болгон. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG