Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Балбан Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында коло байге утту


Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.
Архив. Алмаз Сманбеков эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2019-жыл. Нур-Султан, Казакстан.

Кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байге алды. Ал эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев беттешип, 13:7 эсебинде утту.

Сманбеков буга чейин эки беттеш өткөргөн. Алгач чейрек финалда түштүк кореялык Сунгвон Кимди 4:1 эсебинде жеңип, жарым финалда казакстандык Рахат Калжанга бир упайдын айырмасында утулган (5:6).

Алдыда кыргызстандык дагы эки балбан байге үчүн таймашат. Күрөштүн бул түрүнөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда күрөшөт. 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов коло байге үчүн күчүн сынайт.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. 24-апрелде эркин күрөш боюнча таймаштар менен мелдеш жыйынтыкталат.

Чемпионаттын алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, кыргызстандык балбандар Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын уткан. Роман Ким, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жусупбеков коло байге алышкан.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG