Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду


Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. 76 кг. финал. Айпери Медет кызы жана Юка Кагами. 21-апрель, 2022-жыл. Улан-Батор, Монголия.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты. 76 кг. финал. Айпери Медет кызы жана Юка Кагами. 21-апрель, 2022-жыл. Улан-Батор, Монголия.

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда жапониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде жеңип алды.

Медет кызы катышкан бул салмакта алты кыз байге үчүн ат салышып, эки топко бөлүнүп күч сынашты. Алгач биринчи раундда дал ушул финалда беттешкен Юка Кагами менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утуп алган. Андан соң индиялык Судеш Кумарини 10:0, жарым финалда монголиялык Ариюнжаргал Ганбатты 10:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.

Айпери Медет кызы 23 жашта. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси. Азия чемпионатынын финалында ушуну менен 3-жолу күрөшүп жатат. Буга чейин Азия чемпионатында эки жолу күмүш байге алган. Кыздар арасында (кадеттер) дүйнө чемпионатында коло, жаштар арасында дүйнө чемпионатында алтын байге алган. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси.

Бул Азия чемпионатында андан сырткары кыргызстандык Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта финалда күрөшүп, күмүш байге алды.

Эртең, 22-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азиянын төрт жолку чемпиону, Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күч сынашат.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-апрелде башталган. Таймаштар 24-апрелге чейин уланат. Алгачкы эки мелдеш күнү грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өттү. Бул мелдештерде Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы үч алтын, үч коло байгеге ээ болду. Чемпионаттын акыркы эки күнүндө эркин күрөш боюнча таймаштар болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG