Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

Назарбаев Январь окуяларынан бери биринчи жолу Казакстандагы иш-чарага катышты


Назарбаев катышкан иш-чара. 19-апрель, 2022-жыл.
Назарбаев катышкан иш-чара. 19-апрель, 2022-жыл.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев январь окуяларынан бери биринчи жолу өлкө ичиндеги иш-чаралардын бирине катышты. Бул тууралуу 19-апрелде Назарбаевдин расмий сайты (elbasy.kz) эки сүйлөм менен кабарлады.

Анда Назарбаевдин "Биринчи президент музейинде" уюштурулган "Менин Казакстаным - менин жерим" аттуу жаш балдардын көргөзмөсүнө барып, жаш сүрөтчүлөр менен баарлашканы гана айтылган. Сайттан Назарбаевдин өспүрүмдөр менен түшкөн бир нече сүрөтүн табууга болот. Бирок иш-чарадан эч кандай видео жарыяланган жок.

81 жаштагы Назарбаев январь айындагы кандуу коогадан бери Казакстанда элдин алдына чыга элек болчу. Бирок жыйындарга онлайн форматта катышып, видео кайрылууларды гана жарыялап келген. Андан тышкары Назарбаев 9-мартта Анталиядагы дипломатиялык форумга катышкан.

Расмий маалымат боюнча кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакын адамдарынын көбү кызматтан кеткен. Учурда Назарбаевдин маркум инисинин улуу Кайрат Сатыбалды жана мурунку кудасы Кайрат Боранбаев акчанын изин жашырууга байланыштуу камакта отурат. Мурдагы президенттин тун кызы Дарига Назарбаева депутаттык мандатын тапшырып берген.

Серепчилер Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин кланы алсырап, президент Касым-Жомарт Токаевдин таасири күчөгөнүн билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG