Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн компаниялары жеңилдетилген насыя тизмесинде экенин айтып чыкты


Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин билдирди. Эл өкүлү бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда айтып, муну кызыкчылыктар кагылышы деп атады.

Анын айтымында, кайра иштетүүчү 73 ишканага 3,8 миллиард сом насыя берүү каралган. Бул мамлекеттик карызды тейлөөдөн түшкөн каражаттар.

"Бул жерде белгилүү инсандардын, өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын фамилиялары жүрөт. Ошондуктан бул жерде жөнөкөй фермерлерге мүмкүнчүлук берилдиби деп сурап жатам. Кесиптешим дагы өзүнүн кичи мекенинен чыккан бир дагы компания жок экенин айтты. Сиз маалыматтар сайтта бар, карап алгыла деп айтып жатасыз. Дыйканчылык менен алек болгондор интернетти туташтырып, сайтты, соцтармакты карап отургандай убактысы жок. Айыл чарба министрлиги катары маалымат кандай берилди эле, каттарды жөнөттүңуз беле деп сурап жатышат. Кантип критерийлерди аныктадыңыздар, алар сиздерге келдиби, лобби болдубу? Айыл чарба системасын колдош керек, дүйнө жүзүндө колдойт. Бирок дүйнөдө чыныгы муктаждарды колдойт, өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын компаниясын колдобойт", - деди Сурабалдиева.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев бул маалыматтарды четке какты. Ал компаниялар атайын критерийдин негизинде тандалганын билдирди. Ал дыйкандарга 5 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилгенин кошумчалады.

"Биз кайра иштетүүчү ишканалар менен жаңы келишимдик милдеттенмелерди киргизели деп жатабыз", - деди Мукашев.

Депутаттар жеңилдик менен насыя алчу компаниялардын тизмеси 21-апрелде парламенттин жалпы жыйынында дагы тактала турганын билдиришти.

Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG