Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Киев Мариуполдо аскерлер Орусияга багынды деген маалыматты ырастаган жок


Орус аскерлери Мариуполдун көчөсүндө. 11-апрель, 2022-жыл
Орус аскерлери Мариуполдун көчөсүндө. 11-апрель, 2022-жыл

Орусия Мариуполдо украиналык миңден ашуун аскер багынып бергенин билдирди.

“Мариуполдо украин деңиз аскерлеринин 36-бригадасынын 1026 аскери куралын таштап, өз ыктыяры менен багынды”, - деп айтылат орус Коргоо министрлигинин 13-апрелдеги билдирүүсүндө.

Киев бул маалыматты тастыктаган жок.

Орусиянын “Россия 24” мамлекеттик телеканалы колдорун өйдө көтөрүп бараткан жоокерлердин видеосун көрсөтүп, алар Украинанын деңиз аскерлери экенин кабарлады. Ушундай эле видеону кремлчил блогерлер таратышты. Тасмалардын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн эмес.

Орус аскерлери стратегиялык портту курчоого алганына бир айдан ашты, бир нече күндөн бери шаардын ичинде ар бир көчө үчүн салгылашуулар жүрүп жатты.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси жана Коргоо министрлиги комментарий бере элек. Reuters агенттиги министрликтин басма сөз өкүлүнүн бул тууралуу маалыматы жоктугун айтканын жазды.

Украин ички иштер министринин жардамчысы Вадим Денисенко “Настоящее время” каналынын суроосуна жооп берип жатып, каршы тараптын айткандарын четке кагып, маалыматты армия тастыктай электигин айтты.

Зеленскийдин дагы бир жардамчысы Алексей Арестович 36-бригаданын аскерлери уруш тилкесинен өтүп, шаарда кармашып жаткан “Азов” батальонуна кошулганын Фейсбукка жазды.

Ушул эле күнү Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров Мариуполдо миңден көп украиналык жоокер багынганын билдирген. Шаардагы согушка анын аскерлери да катышып келатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG