Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Пакистан парламенти жаңы өкмөт башчыны дайындайт


«Наваз-Пакистан мусулман лигасы» партиясынын төрагасы Шахбаз Шариф.
«Наваз-Пакистан мусулман лигасы» партиясынын төрагасы Шахбаз Шариф.

Пакистандын парламенти 11-апрелде жаңы премьер-министрин шайлайт. Буга чейинки Имран Хан бир нече аптага созулган саясий кризистен кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Эми бул орунга Пакистандын мурдагы премьер-министри Нафаз Шарифтин иниси, "Наваз-Пакистан мусулман лигасы" партиясынын төрагасы Шахбаз Шарифтин келиши күтүлүп жатат.

Ал эми Имран Хандын "Техрик-и Инсаф" партиясы өкмөт башчылыкка мурдагы тышкы иштер министри Шаа Махмуд Курешинин талапкерлигин көрсөттү.

Жаңы өкмөт башчы 2023-жылдын октябрь айына чейин бийликте болот.

Имран Ханга парламенттеги 342 мыйзам чыгаруучунун 174ү ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Хан муну алдын алуу үчүн президентке кайрылып парламентти таркаттырган. Бирок Жогорку сот бул чечимдерге каршы чыккан.
Хан саясий кризистин тутанышын АКШдан көрүп келет. Ал муну Кытай жана Орусия менен жакындаганы үчүн Вашингтон ага каршы кутум уюштурду деп эсептейт. Бирок Хан айткан сөзүнө эч кандай далил келтире алган эмес. АКШ мындай дооматтардын баарын четке какты.

Ал эми оппозиция Ханды экономикалык кризисти жөндөй албаганы үчүн айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG