Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Казак Сенатынын төрагасы Бучадагы кыргынды "чоң трагедия" деп атады


Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев.
Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев.

Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Украинанын Буча шаарчасындагы кыргынды "чоң трагедия" деп атады. Ал Бучада жайкын тургундар оор жагдайда каза тапканы боюнча эл аралык иликтөө болушу керек экенин 7-апрелде жергиликтүү журналисттерге билдирди.

"Ким кырганын айтуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун алдында тергөө жумуштары жүргүзүлүшү керек. Орусия тарап болобу, же башкача болдубу, ушунун бардыгын тергөө, аныктоо зарыл жана жооптуу адамдарды эл аралык укуктун негизинде аныктап, тиешелүү маалыматты украин элине да, дүйнөлүк коомчулукка да жеткирүү керек", - деди Ашимбаев.

Украинанын Буча шаарчасында жөн-жай тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтар апрель айынын соңунан бери эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылып жатат.

Украин өкмөтүнүн өкүлдөрү бул шаарчада 300дөн ашуун жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирген. Москва Бучадагы окуялар боюнча айыптоолорду четке кагып жатат.

5-апрелде Нур-Султан Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарды тааныбай турганын Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди “Азаттыкка” айткан.

7-апрелде БУУнун Башкы Ассамблеясынын көпчүлүк мүчөлөрү Орусиянын бул уюмдун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги мүчөлүгүн токтотууну колдоду. Бирок Казакстан мындай резолюцияга каршы добуш берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG