Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Путиндин кыздарына санкция салуу маселеси каралууда


Президент Путиндин кыздары делген Екатерина Тихонова жана Мария Воронцова
Президент Путиндин кыздары делген Екатерина Тихонова жана Мария Воронцова

АКШ жана Европа Биримдиги орус президентинин кыздары Екатерина Тихоновага жана Мария Воронцовага санкция салууну караштырып жатканын европалык жана америкалык төрт расмий өкүл "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырасташты.

Путиндин кыздары жана мурдагы жубайы Людмила узак жылдардан бери коомчулуктун назарына илинбейт. Медициналык билими бар экени айтылган 37 жаштагы Воронцова саламаттык сактоо тармагына инвестиция салган компаниянын кожоюндарынын бири. Орус басылмалары ал Нидерланд жаранына турмушка чыкканын жазышкан. Бирок алар дагы деле чогуу жашап жатканы белгисиз.

35 жаштагы Тихонова 2010-жылы көпчүлүккө акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген бийчи жана спортчу катары таанылган. Ал кийинчерээк Москва мамлекеттик университетинде илимий изилдөө борборун курууну көздөгөн, орус өкмөтү колдогон "Иннопрактика" фондун жетектеп калган. Тихонова Путиндин эски досу деп айтылып жүргөн банкир Николай Шамаловдун уулу Кирилл Шамаловго турмушка чыгып, 2018-жылы ажырашып кеткен. Путин үй-бүлөсү тууралуу маалыматты ачык айтуудан карманып келет.

Маалыматка караганда, санкциялар тууралуу чечим 7-апрелде белгилүү болмокчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG