Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялайт


Ирпень шаары. Украина, 1-апрель, 2022-жыл
Ирпень шаары. Украина, 1-апрель, 2022-жыл

Кошмо Штаттар жана Батыш мамлекеттери 6-апрелде Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялай турганы күтүлүүдө. Украинадагы шаарларга, жай тургундарга кол салуулары үчүн Москваны экономикалык жана технологиялык изоляцияга алуу каралууда.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки жаңы пакет Орусиянын согушту улантуу үчүн ресурстарын азайтууну максат кыларын маалымдады.

Буга чейин АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын каржылык милдеттенмелерин аткарууну кыйындаткан чараларды көргөн.

Британиянын маалыматына караганда, Батыш Орусиянын 350 млрд. доллардан ашуун валюта резервдерин пайдалануусун чектеди. Европа Биримдигинин санкцияларынын бешинчи топтомунда мунай жана көмүр экспортуна, орус кемелеринин европалык портторго кирүүсүнө тыюу салуу чаралары камтылган.

Жаңы санкциялар Киев орус аскерлери жасаган деген ырайымсыздыктын жаңы далилдерин чыгаргандан кийин кабыл алынууда. Украин президенти Владимир Зеленский шейшембиде БУУнун Коопсуздук кеңешин күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Москва орус аскерлери Украинадагы тынч тургундарга мыкаачылык менен мамиле кылууда деген маалыматты четке кагып, чагым деп атап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG