Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

БУУ: 11 миллиондон көп украиналык жер которууга аргасыз болду


Польшадагы качкындар лагери. 17-март, 2022-жыл
Польшадагы качкындар лагери. 17-март, 2022-жыл

БУУнун Миграция боюнча агенттиги Орусия Украинага басып кирген 24-февралдан бери 11 миллиондон көп киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

1-апрелге чейин 7,1 миллион киши өлкө ичинде жер которгон, 4,2 миллиону чет жактарда башпааналап жүрөт.

Агенттиктин жетекчиси Антонио Виторино “Эл согуштан улам үйлөрүнөн качып жатат, гуманитардык шарттар күн санап начарлоодо” деп айтты.

Анын айтымында, жайкын тургундарды эвакуациялоо, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн тезинен коридорлорду түзүү керек.

БУУнун сурамжылоосуна ылайык, жер которгон үй-бүлөлөрдүн 60% балдары, 57% улгайган жакындары бар. 30% үй-бүлө мүчөлөрү өнөкөт дарттар менен ооруйт. Ошондой эле үчтөн бир бөлүгү өткөн айда киреше тапкан эмес.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG