Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Өзбекстанда партия лидери “Өлбөс полктун” маршын өткөрүүгө каршы чыкты


“Өлбөс полк” акциясы. Ташкент. Архивдик сүрөт
“Өлбөс полк” акциясы. Ташкент. Архивдик сүрөт

Өзбекстанда «Улуттук кайра жаралуу» («Миллий Тикланиш») партиясынын лидери “Өлбөс полктун” маршын өткөрүүгө каршы чыкты. Алишер Кадыровдун айтымында, ал акция “жумшак күчтүн” жана пропаганданын куралы.

Саясатчы “Биз андай демонстрацияларга каршыбыз” деп 3-апрелде Телеграмына жазды. Муну менен катар парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын спикеринин орун басары Өзбекстандын фашизмди жеңүүгө кошкон салымын белгиледи.

Орусиянын Ташкенттеги элчилиги жана «Россотрудничество» сүрөөнгө алган жүрүш пандемияга байланыштуу акыркы эки жылда болбой калган. “Азаттыктын” өзбек кызматы жазгандай, быйыл демилгечи топ 9-майда башкалаада акцияны өткөрүү арызын милицияга тапшырды. Уруксат берилип же берлибегени азырынча айтыла элек.

«Улуттук кайра жаралуу» фракциясына 36 депутат кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG