Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Украина президенти Зеленский Буча шаарчасына барды


Президент Владимир Зеленский Буча шаарчасында. 4-апрель, 2022-жыл
Президент Владимир Зеленский Буча шаарчасында. 4-апрель, 2022-жыл

Украина президенти Владимир Зеленский Буча шаарчасына барды. Киевдин жака белиндеги шаарчада орусиялык аскерлер чегингенден кийин карапайым кишилердин сөөктөрү табылганы расмий кабарланган.

Би-Би-Синин маалыматына караганда, Зеленский орус армиясынын кыйраган техникасы жаткан көчөнү көрүп, жергиликтүү тургундар менен сүйлөштү. Журналисттерге кайрылып, президент Орусия Украинада согуштук кылмыштарга барганын, ошол эле маалда Москва менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн дагы деле жактарын айтты.

Орусия өз күчтөрүн Киев, Чернигов жана Сумы облустарынан чыгарып кеткени маалымдалган. Бирок Донбасс жана Харьков тарапта аскерлерин топтоп жатат. Өткөн жумада орус коргоо министри Сергей Шойгу атайын операциянын максаты Донбассты өз көзөмөлүнө алуу экенин айткан.

Бучада каза тапкандардын саны жана өлүмдүн себептери тууралуу так маалыматтар жок. Айрым маркумдардын колдору артынан байланганы белгилүү. Шаарда жапырт көрүстөн да табылганы кабарланган.

Украин бийлиги орус аскерлеринин колунан набыт болгон жергиликтүү тургундардын саны 300дөн ашканын айтууда. Москва айыптоолорду четке кагып, "жалган маалымат таратып жатат" деп Киевди күнөөлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG