Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:42

Next TV телеканалы эфирин калыбына келтирүү аракетин көрүүдө


Next TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбековдун маалыматына ылайык, бүгүн каналдын кызматкерлери башка кеңседе эфирди калыбына келтирүү аракетин көрүп, тесттик режимде ишин баштады.

“Биз мыйзамды сыйлайбыз, сот биздин телеканалды эфирге чыгуу мүмкүндүгүнөн ажыраткан жок. Азыр текшерүү гана жүрүп жатат. Эгер техникалык жактан аракетибиз ишке ашса, эфирди уланта беребиз. Эгер болбой калса, эфирди токтотууга туура келет”,-деди Жээнбеков.

Телеканал азырынча өз продукциясын чыгара элек. Бирок “Азаттык”, “Говори ТВ” жана башка эркин медиа өнөктөштөрүнүн берүүлөрүн чыгарып жатат.

2-мартта Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Алнур Мусаев Facebook баракчасына Кыргызстан менен Тажикстан Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даярдык билдиришкенин жазган.

3-мартта Кыргызстандын Коргоо министрлиги Мусаевдин бул билдирүүсүн четке каккан. Ушул эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Next TV телеканалына карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” деген 330-беренесинин негизинде иш козгогон. Телеканалдын кеңсесине кирип-чыгууга тыюу салган.

5-мартта телеканалдын директору Таалай Дүйшөмбиев эки айга камакка алынган. Кийин райондук соттун бул чечимин шаардык сот да колдогон.

Андан бери каналдын кеңсеси жабык турат, сот журналисттерди иш жайына киришине уруксат бере элек. Медиа коомчулук телеканалдын жабылышын сөз эркиндигине кысым деп баалаган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматты таратууда этият болуу жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG